Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Так мурасы

ТАК МУРАСЫ – башкаруунун монархтык тутумунун негизги элементтеринин бири; мыйзамда белгиленген тартипте монархтын бийлигинин падышалык кылуучу үйдүн (династиянын) бир өкүлүнөн экинчисине өтүүсүн билдирет. Азыркы учурда Т. м-нын негизги 3 тутуму бар. Саликалык тутумда так мураскерлеринин чөйрөсүнөн аялдар таптакыр чыгарылып салынат (Швеция). Кастилдик тутумда Т. м-нын кезегинен аялдар чыгарылбайт, бирок эркектерге артыкчылык берилет: кичүү иниси улуу эжесинен артыкчылыкка ээ болот (Улуу Британия). Австриялык тутумда туугандыктын баардык тармактарында жана деңгээлдеринде эркектерге жана эркектин тарамдарына артыкчылык берилет. Аялдар такты эркек тукум такыр жок болгондо гана мурасташат. Бир катар араб өлкөлөрүндө Т. м-нын өзгөчө – «кландык» (мураскорду бийлөөчү үйбүлө үйбүлө кеңеши аркылуу шайлаган) таризи бар (Сауд Аравиясы, Кувейт, Катар).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: